www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэрин эл шайласын. Мыйзам долбоорун ЖКнын тармактык комитети колдоду...

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек шаарынын мэрин эл тарабынан түз шайлоону демилгелеп жатат. Бул боюнча мыйзам долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер комитети жактырды.
Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутат Жанар Акаев мыйзам кабыл алынып калса калааны башкарууга дараметтүү адамдар келерин белгиледи.

Бул тууралуу Жанар Акаев:
"2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин сегиз мэр алмашыптыр. Борбор калаанын тургундары мэрдин атын жаттаганга жетишпей калып жатат. Мэр болчу адам чыгып өзүнүн прграммасын айтсын, ыш, автотыгын, жашылдандыруу, башаламан курулуш көйгөйүн, жаңы конуштардын маселесин минтип чечем десин. Азыр конуштардагы үйлөрдүн документтерин бүтүрүүгө президент өзү баш болуп чуркап жүрөт. Түз шайлоо болсо талапкер шаарды бүт кыдырып элге өнүктүрүү программасын айтат. Азыр антпейт, эки-үч гана кишинин көңүлүн алып мэр болушууда. Мыйзам долбоору кабыл алынса, азыр эле шайлап салбайбыз. Шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөндө, депутаттарды шайлоо менен бирге уюштурулат", — деди Акаев.

Бишкек шаары жакшы жыйынтык берсе, Ош шаарынын мэрин дагы шайлоо маселеси каралат. 

Белгилей кетсек, мурда шаар мэрлери жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланып келген. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости