www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ж.Ж. жаран арыз менен кайрылып, анда Х.А. аттуу жаранга карата мыйзамлуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2026-жылдын 12 январында, Бишкек шаарынын Мадиева көчөсү ишенимине кирип, алдоо жолу менен, Мекке шаарына ажылык сапарын уюштуруп берүү деген шылтоо менен 110 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган. Андан соң убадасын аткарбай, белгисиз багытта жашырынып кеткендигин билдирген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө аракеттери жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан, 2002-жылы туулган жаран Х.А. аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз 0(708) 70-76-70, 0(700) 55-59-93, 0(703) 45-99-88 же 102 кыска номуруна чалыңыздар.

 

Последние новости