www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекке ким кожоюн экенин билдирип коюш үчүн, бир топ алдуу, демдүү, канжыгасы акчага толгон партиялар шайлоону көздөй аттанышкан. Нуржан Шайлдабекованын принципсиздигинен улам, шайлоого көп партиялар катышууга уруксат берилген жок. Эгер бардык партияларга бирдей шарт коюп, бардыгына уруксат берсе, шайлоонун өңүтү өзгөрүлмөк беле? Атамбаевдин оң колу катары, мурдунан жетеленип жүрүп көнүп алган Нуржан Шайлдабекова бул ирет да өзүнүн митаамдыгын баса көрсөтүп берди. Ал кандай жол менен болсо, шайлоого өтүп кеткен партияларды жыга чаап, өзү дайыма шык берип, дайыма Бишкекте алдыңкы орундарда келе жаткан Атамбаев менен Бабановдун партиялары өтүш үчүн чагым жасап, ар кимден жалган добуш чогултуп келген. Атамбаев менен Бабанов акчаны канча чачса да, бул шайлоодо мандатка караандабай калган. Анткени, алардын бир кезде күч менен элди алдап мандатка жеткен убакты өттү.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын деми менен бардык заманда шайлоолор өтүп келатат. Ушул шайлоолордон улам 2020-жылдын октябрында башаламандыкка жеткенбиз. Ал кезде өзүнүн «вассалы», бир тууган жээни Жээнчороев Мирланды алдыга салган Өмүрбек Бабанов, Атамбаевдин азыр да чырдын башында жүргөн Социал-демократтары менен биригип бийликти алыш үчүн катуу умтулган. Эгер 2020-жылдын 9-октябрында булар бийликти жетишсе эмне өзгөрүүлөр болот эле:
1. Ошол күнү түрмөдөн чыккан Сапар Исаковго өкмөт башчысын алып бермек. Акыры Сапар Исаков президенттик шайлоодо мамлекет башчы болуп шайланып, Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн түзмөк. Конституция өзгөрмөк эмес. Алмазбек Атамбаев президент Сапар Исаков менен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго багыт берген мыйзамсыз «Улуттун лидерине» айланмак. Бул жогорку кызмат мыйзамсыз болгондуктан, Атамбаев эч нерсеге жооп бербей, өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деңгээлине жетмек.
2. Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков жана аны колдогон адамдардын бардыгы этиаттык менен камакта Атамбаевдин ордуна түшүп, көрбөгөнү көр болуп, накта тирүүнүн тозогуна кабылмак.
3. 2020-жылдын 9-октябрында Атамбаев, Бабановдорго такаат берген Садыр Жапаров өзүнүн ордуна барып жатмак, ал эми Камчыбек Ташиевдин мойнуна кылмыш иши козголуп, ал да ошол жакка жөнөмөк.
Бул азыркы Бишкек шайлоосун жаратпай койгон Атамбаевчи-бабановчулардын стратегиялык саясатынын учурдагы бир гана бөлүмү болгон. Сапар Исаков бийликке келе турган болсо, Бишкектеги шайлоо кайрадан булганыч, ыплас өтүп шайлоодо Атамбаевдин социал-демократтары менен Бабановдун «Республика» партиясы жеңип келмек. Оозунан алдырган түлкүдөй болуп, Атамбаев–Бабановдун тилектери ордунан чыкпай калып, булар арамзалардын ана башы, накта митаам, өздөрү жетелеп келген Нуржан Шайлдабекова аркылуу максаттарына жетишти.
Нуржан Шайлдабекова бир ай күтүп, Атамбаевчи-бабановчулардын стратегиялык саясатынын негизинде ар кимден жаман пикир түздүрүп Бишкектеги шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Алар өздөрүндөй көрүп, бул шайлоодо ченемсиз акча чачылган деген ушак-айыңга берилип алышкан. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жаңылыштыгы эмнеде:
Биринчиден, Нуржан Шайлдабековага саясий капитал чогултпай экспрезидент Сооронбай Жээнбеков эбакта эле Атамбаевдин көздөй кишиси катары жок кылыш керек эле. Бирок, митаам Нуржан Шайлдабекова калды. Ал эмес, эмгиче жүрөт. 2020-жылы октябрда бийликти алмаштырганга парламенттик шайлоо себеп болду эле, эми да күзүндө боло турган парламенттик шайлоону бийликти алмаштырууга себеп кылганы турат. Бишкек болсо ага даярданган, генералдык репетиция. Буюрса, Нуржан Шайлдабекова үчүн генералдык репетиция өзү ойлогондой өтүп жатат.
Экинчиден, Бишкектеги шайлоодо Атамбаев менен Бабановдун партиялары эмес, Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы, Нариман Түлеевдин «Ак Бата» партиясы, Азиз Суракматов лидери НДПК жана Камчыбек Ташиевдин «Ата-Журт» партиялары келишкен. Азыр чек араны чечүүгө аракет кылып жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге бут тосууну БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баштады. Муну менен анын жинине тийип, күзүндө боло турган парламенттик шайлоого аттанып кетиши мүмкүн.
Үчүнчүдөн, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын арамза пландары ишке ашып Бишкектеги шайлоо жараксыз болуп, кайрадан шайлоо өтөт. Шайлоолордон тажап бүткөн эл, кайрадан шайлоого чыгат. Бул шайлоодо Атамбаев-бабановчул партиялар күчүн болуп көрбөгөндөй күч жумшап, алдыңкы саптарды алууга жетишет. Булар, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аркылуу кайрадан шайлоо өткөрөрүн билип, мурунтан даярдык менен Бишкек шаарында жеңип чыккан партияларды жана бийликти «төпө–төпкө» алганына бир топ убакыт болду. Ар кандай маалымат беттеринен ачык согушка чыкканына көп болду. Элдин акчасын соруп алган Атамбаев-бабановчул кландар акча каражатын чачып, шайлоодо добушту сатып алгысы келет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg