www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз Бишкек ШИИББдин ардагерлери, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августунда болгон окуяларга карата өз оюбузду билдиргибиз келет. Мурдагы президент А.Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын бийликчил мүдөөсүнөн улам Кой-Таш айылынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынын бейпилдиги бузулду. Бул окуяга Кыргызстандын бүтүндөй жалпы эли көз салып турду. А.Атамбаев конституциянын жана мыйзамдын талаптарын одоно бузуп, мыйзамдын алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө тоскоолдук кылып, укуктук талаадан чыгып кетти. Окуя болгон жерде жүргөндөр А.Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын буга атайылап катуу даярданышканына күбө болушту.
Мурдатан эле каптарга кумдар толтурулуп, тоскоолдук жаратыш үчүн коюлуп, жолдорду бактар менен тосуп, үйү болсо тоскоолдукту камсыздаш үчүн күчтүү бекемделген. Ушундай жагдайда ИИМдин жетекчилиги генерал Кашкар Жунушалиевдин профессионалдуулугунун, коюлган тапшырмаларга ылайык сүйлөшүүнү жүргүзө билүүнүн натыйжасында гана А.Атамбаевди кармоо боюнча оң жыйынтыктарды алып келди. Бирок, бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, Кыргызстандын эли жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдар болушкан генерал Курсан Асановдун аракети түшүнүксүз болуп калды. Сот тарабынан мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар кабыл алынат деген ойдобуз. Бишкек ШИИББдин ардагерлери Кой-Таш айылында болгон окуяда генералдык наамын өзүнүн иш-аракети менен уяткарган Курсан Асановго карата көрүлгөн чараларды колдойбуз. Биз Бишкек ШИИББдин ардагерлери Кашкар Джунушалиев башында турган ИИМдин жетекчилигинин учурда жүргүзүп жаткан иштерин ар тараптан колдойбуз жана өзүбүздүн тажрыйбабызды милициянын ишинде бөлүшүүгө даяр экендигибизди билдиребиз. Милициянын иши боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер, анын ичинде депутаттардын (Дастан Бекешов) айрымдары ИИМдин жетектөөчүлүк кызматына жарандык адамдарды дайындоо керектигин айтышууда. Милициянын ишинде кыпындай дагы тажрыйбасы жок, ыкчам кырдаалды түшүнө албаган жарандык жактарды жетектөөчүлүк кызматка койгон бул өзү кемчилик.
Аны койолу, ройондук бөлүмдө өзүнүн башчысынын фамилиясын атай албаган кызматкерлерди көрүүгө болот. Өткөн бийлик учурунда жарандык жактарды министр кылып дайындап, наам берген учурлар жок эмес, чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун дегендей бул жолдо дагы өзгөрүүлөр болуп кеткен жок. Ошондуктан, ИИМдин жетектөөчүлүк кызматында милиция органынын бардык кызматтарынан баштап бардык жолду басып өткөн милиционер гана иштеши керек деген позицияны колдойбуз.
Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Самудин Айдаров Бишкек
ШИИББдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Камчыбек Исабеков
Булак: NazarNews.kg