www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүнө карата жасалган алдамчылык фактысы боюнча чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда шектүү анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен Токмок шаарынан кант жана күрүч сатып алып, андан ары сатуу максатында биргелешкен бизнеске акча салууну сунуштап, түшкөн пайданы тең бөлүшүүнү убада кылган.
Өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу максатында З.П. аттуу жаран арыз ээсинен 2 950 000 сом акча каражатын алып, бир айдын ичинде кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок акчаны алгандан кийин из жашырып кеткен жана бүгүнкү күнгө чейин милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган З.П. аттуу шектүү аныкталып, кармалды. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга кайрылат:
Урматтуу шаар тургундары! Сак болуңуздар жана акча каражаттарыңызды аз тааныш адамдарга ишенбеңиздер, алар пайдалуу инвестиция же биргелешкен бизнес сунуштаса да. Акча каражаттарын берүүдөн мурун маалыматтын аныктыгын текшерип, бардык келишимдерди мыйзам талаптарына ылайык тариздеңиздер.
Эгерде сиз ушундай фактылардан жабыркасаңыз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, дароо 102 номерине кайрылыңыз.
Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы