www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкек ЖЭБге байланыштуу тарап жаткан маалыматтарга тактоо киргизди.

Ал ТВЕА ЖЭБдин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

«Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду», - деди А.Алагөзов.

Такталбаган маалыматтын таратылышына байланыштуу териштирүү башталганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости