www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек Жылуулук электр борборуна Казакстандын Шабыркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы алып келинди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине карата даярдык иши менен таанышты.
Министрдин айтымында, алдыдагы жылытуу мезгилине Бишкектин ЖЭБине 1,5 млн тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шабыркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү. Калориясы 5500 ккал/кг кем эмес.
Белгиленгендей, казакстандык ОсОО "Инновациялык Гефест" компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.
Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 мин тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат.
Мындан тышкары, Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg