www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы "Бишкекгаз" филиалынын авариялык кызматтары Бишкекте газдын жыты чыгып жатат деген жерлерди атайын жабдуу менен карап чыгышканын билдирди.

Ага ылайык, текшерилген жерлердеги абадан метандын изи табылган эмес.

Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram каналында газдын жыты ЦУМдун аймагында, Чүй проспекти менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишкен жеринде да сезилип жатканын жазышкан.

Саат 20:27лерде Чыгыш-5 кичи районундагы арыздануулар боюнча тийиштүү мекеме жооп берди. Маалым болгондой, бригадалар аталган райондогу газ түтүктөрү менен кудуктарды бир нече жолу текшерип чыгышкан. Эч нерсе табылган эмес.

Свердлов райондук администрациясы "Газпром Кыргызстан" ишканасына билдирүү жөнөткөнүн кабарлады. Акимчилик дагы кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылып жатканы маалым болду.

Социалдык тармактын колдонуучулары газ боюнча мындай кырдаалга Бишкек ТЭЦинин тиешеси болушу мүмкүн деп боолголошкон. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы стратегиялык объект кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости