www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноябрь айынын ортосунда же аягында Бишкекке 95 Yutong автобусунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын 2-автопаркынын башкы инженери Артур Өмүрзаков «Биринчи радиодонун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер Кытайда автобустардын техникалык талаптарга жооп берерин текшерип жатышат.
«Ырастоодон кийин жеткирүү башталат. Сапар эки жумага созулат. Андан кийин бажыдан өткөрүү, каттоо жана автобустарды кабыл алуу керек. Ушул иштерден соң алар каттамга чыгат. Булар 12 метрлик, үч эшиктүү автобустар. Алар жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн кондиционер, видеобайкоо камералары менен жабдылган жана бардык заманбап талаптарга жооп берет», — деди ал.
Ал кошумчалагандай, сатып алуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.