www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке бүгүн Кытайдан газ кыймылдаткычтуу 25 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 25 автобус чек арадан өтүп жатат.

Экологиялык автобустан 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.

Ошондой эле Кытайдын «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен «Zhongtong bus Holding Co., LTD» LCK6105моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Бул долбоор министрлер кабинетинин жана Кыргыстандын президентинин Кытайга (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн «Zhong Tong Bus» компаниясында ишке ашырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости