www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 1 050 ипотекалык батир пайдаланууга берилди

Бишкек шаарында «Асман Резиденс-1» турак жай комплексинин ачылыш аземи өтүп, жаңы батирлер пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.

«Асман Резиденс-1» комплекси 11 блоктон туруп, жалпы 1 050 батирди камтыйт. Батирлер күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында берилүүдө.

Иш-чарадан кийин мамлекет башчысы жаңы батир ээлери менен жолугуп, турак жайларды жана комплекстин жер алдындагы унаа токтотуучу жайын көрүп чыкты.

Последние новости