www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык текшерүүсүнүн жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 13 миң бөтөлкөгө жакын акциздик маркасы жок кант камтыган, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктер табылган.

Бул факты боюнча жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар мыйзамга ылайык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок продукцияларды сатпоого, ошондой эле маркалардын аныктыгын жана талаптарга шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.

Последние новости