www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 20-чакырылышынын мүчөсү, Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да сөз болду. 

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кытай мамлекети Кыргызстандын эзелтен берки жакын коңшусу эле эмес, негизги стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп: “Кылымдарды карыткан эки элдин мамилеси соңку жылдары жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен коштолуп келет. Алсак, өткөн жылы эле өлкө башчыларыбыз үч жолу жолугушуп, кыргыз-кытай байланышын бекемдөөгө багытталган маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Натыйжада соода-экономикалык алакаларыбыздын деңгээли тарыхый чекке жетип, маданий-гуманитардык байланыштарыбыз да активдүү өнүгүүдө”, – деди. 

Ошондой эле парламенттер аралык өнөктөштүккө да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Төрага 2024-жылы Кытайга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салды.

“Андан соң өткөн жылы Чжао Лецзи баштаган Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын делегациясы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, парламенттер аралык байланышты жаңы деңгээлге чыгарган маанилүү жолугушуулар болду. Эки тараптуу ошол сапарлар мамлекеттерибиз ортосундагы жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзүп, стратегиялык өнөктөштүгүбүздү өрчүтүүгө чоң түрткү берди”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Муну менен катар Кыргызстан мындан ары да Кытай мамлекети менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айткан Төрага: “Биз коңшу мамлекеттин илимий-техникалык жааттагы жетишкендиктеринен пайдаланып, аталган багытта тажрыйба алмашууга артыкчылык беребиз. Ошондой эле биргелешкен экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, канатташ жашаган эки калктын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурабыз”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Гао Сян Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзинин жолдогон саламын жеткирип, иш сапарынын башкы максаты кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү экенин баса белгиледи. 

Андан тышкары, Кытай Эл Республикасындагы соңку жаңылануулар тууралуу учкай кеп кылып: “Биз дайыма коңшу Кыргызстан мамлекети менен жакын коңшулук жана достук мамилелерди чыңдоого ынтызарбыз”, – деди Гао Сян. 

Ошону менен катар “Миңдеген жылдарды камтыган кыргыз элинин тарыхына байланышкан биздеги маалыматтар менен да бөлүшүп, Кыргызстандын “Мурас” фонду менен тыгыз иш алып барып келебиз. Биздин максат орток тарыхыбызды биргелешип изилдөө менен байыртан берки калыптанган байланыштарыбызды мындан ары да улантуу”, – деген Гао Сян Төрага Нурланбек Тургунбек уулун өзү жетектеген Кытай коомдук илимдер академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышып кетүүгө чакырды. 

Последние новости