www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери унаасына 18+ категориясындагы сайттын жарнамасын жайгаштырган BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун жоопкерчиликке тартышты.

Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүгө социалдык тармактарга тараган видео негиз болгон.

Анда унаанын кузовуна чоңдор үчүн арналган интернет-ресурстун жарнамасы жайгаштырылганы көрүнгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери айдоочунун өздүгүн тактап, ага карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүштү.

Ошондой эле мыйзамсыз жарнамалык жазуу жеринде өчүрүлдү.

Патрулдук милиция башкармалыгы унаага кандай гана жарнама жайгаштырылбасын, ал үчүн тиешелүү уруксат алуу талап кылынарын эскертти.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 18+ категориясындагы сайттардын жарнамасын жайгаштырууга мыйзам менен тыюу салынган.

Милиция айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырды.

Последние новости