www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алар милиция бөлүмүнө жеткирилди

Бишкекте мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөн 21 Бангладеш жараны милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 431-беренесине (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн же транзиттик жол жүрүү эрежелерин бузуусу) ылайык 21 административдик протокол түзүлүп, 115 миң 500 сом айып пул салынды.

Чет өлкөлүк жарандарга КР мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, КР миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо болуп саналат, деп кошумчалайт ОИИБ.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости