www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында «Хан Тенгри» көп функционалдуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлдү.
Долбоорго 210 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылат.
Келишимге бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана «Хан-Тенгри девелопмент» ЖЧКсынын башкы директору Чжоу Цинхуа кол коюшту.
Равшанбек Сабиров жеке инвестицияларды тартуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүүгө жана инвестицияларды ар тараптан коштоого өзгөчө көңүл бурулууда.
«Хан Тенгри» долбоору Бишкектин курулуш тармагын жана заманбап шаардык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошору күтүлүүдө.