www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке жакын Көк-Жар айылында 23 жаштагы келин эки жашар баласын сабап өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Алардын айтымында, 28-сентябрда "Тез жардам" кызматына жаш баланын ден соолугу начарлап, эки күндөн бери дене табы көтөрүлүп жатканы боюнча чакыруу түшкөн. Чакыруу боюнча келген дарыгерлер ымыркайды жандандырууга аракет кылышкан, бирок ал каза болгон.

"Денесинде бир нече гематомалар болгон - жаңы жана эски. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки жашар наристенин боору жарылган. 2000-жылы туулган эне тез жардам кызматынын дарыгерлерин күнөөлөп баштаган, бирок тергөө учурунда алдын ала маалыматтар боюнча Экспертиза ымыркайдын боору жарылып кеткенин көрсөттү, ал ур-токмоктон каза болду, баланын апасы сабаган деп шектелүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости