www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда бай кардарларга трансплантациялоо үчүн адамдардын бөйрөгүн алып жүргөн дарыгер жетектеген сегиз кишиден турган кылмыштуу топ кармалды. Би-Би-Си билдиргендей, айрым донорлор операцияга макулдук беришкен эмес.

Пакистандын Пенджаб провинциясынын өкмөтүнүн башчысы Мохсин Накви жекшемби күнкү маалымат жыйынында доктор Фавад Мухтар бөйрөктү алып салуу операцияларын үйдө, көбүнчө донор бейтаптардын макулдугусуз жасаганын айтты.

Наквинин айтымында, дарыгерге кесиби боюнча автомеханик операциялар учурунда ассистент катары жардам берген; ошондой эле ооруканадагы бейтаптарды операцияга тартууга жардам берген.

Ошентип, алар кеминде 328 операция жасашып, анын кесепетинен кеминде үч донор каза болгон.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, кармалгандар чет элдик бейтаптар үчүн 10 миллион рупийге (120 миң доллар) жана пакистандыктарга 3 миллион рупийге (36 миң доллар) бөйрөктөрүн сатышкан.

Мохсин Накви доктор Мухтар буга чейин беш жолу камакка алынганын, бирок ал коррупционер полиция кызматкерлеринин жардамы менен бошотулуп жүргөнүн айтат.

Бөйрөк сатуучулар негизинен 13 миллион калкы бар Лахор шаарында, борбор Ислаамабаддын жанындагы Таксила шаарында, ошондой эле Кашмирдин Пакистандык бөлүгүндө иштеген.

"Чындыгында дагы көптөгөн мыйзамсыз операциялык бөлмөлөр жана трансплантациялар бар. Булар азырынча бизде тастыкталган учурлар гана", - дейт Накви.

Пакистанда 2010-жылы адам органдарын сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Донорлор, дарыгерлер жана ортомчулар тарабынан органдарды чет өлкөгө массалык түрдө сатууну токтотууга үмүттөнүп, бийлик бул үчүн катаал жазаларды киргизди: он жылга эркинен ажыратуу жана ири айыптар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости