www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киевди узак убакыт жөлөп-таяганга АКШнын акчасы жоктугун Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер брифингде айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Алар (акча – ред.) Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын жапканга жетет, бирок бул узак мөөнөттүү чечим эмес",— деген ал.

Жан-Пьердин айтымында, Ак үй Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккартинин убадасын эске алганда Украинага мурдагысындай эле керектүү жардам берилет деп ишенип турат.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтт Миллер мурдараак Киев менен болгон узак мөөнөткө эсептелген долбоорлордун убактылуу токтотулганын кабарлаган. Буга Украинага берилчү жардам боюнча Конгресс менен макулдашуунун жоктугу себеп болгон. Жекшемби күнү АКШнын президенти Жозеф Байден Конгресс тарабынан колдоого алынган мыйзамга кол койду. Ал өкмөттүн ишин дагы 45 күнгө, тагыраагы, 17-ноябрга чейин финансылоого шарт түзөт. Анткен менен документте Украинанын муктаждыгына акча каралган эмес. Байдендин Конгресс колдогон мыйзамга кол коюшу акыркы учурда өлкөнү кооптондуруп турган федералдык өкмөттүн иши 1-октябрда токтоп калышын, тагыраагы, "шатдаун" боюнча белгисиз абалды жөндөгөндөй болду.

Москва өткөн жазда Түндүк Атлантика альянсына Киевге жөнөткөн куралдары боюнча нота жиберген. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага багытталган кандай гана курал-жарак, жүктөлгөн жүк болбосун, Россиянын мыйзамдуу бутасы болорун айткан. Кремль Киевди тишине чейин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин айткан. Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып, чырды "курал жөнөтүп эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдап" дагы создуктуруп жатканын белгилеп келет. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Киевге берилген аскердик жардамы орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна терс таасирин тийгизерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости