www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индия Канададан 10-октябрга чейин 40ка жакын дипломатын чакыртып алууну талап кылды. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити маалымат булактарына таянуу менен билдирди.
"Нью-Дели Оттавага 10-октябрга чейин 40ка жакын дипломатты кайтарып бериши керектигин айтты", - деп жазат гезит.
Индия бул мөөнөттөн кийин калган дипломаттар үчүн дипломатиялык кол тийбестикти алып салуу менен коркуткан.
Буга чейин Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо укук коргоо кызматкерлери Индиянын бийликтерин Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы сикх жамаатынын лидери Хардип Сингх Нижардын июнь айында белгисиз бирөөлөр храмдын унаа токтотуучу жайында атып кеткендигине тиешеси бар деп шектенип жатканын билдирген. Трюдонун билдирүүсүнөн көп өтпөй Канада Индиянын жогорку даражалуу дипломатын өлкөдөн чыгарып жиберген. Ал маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Индиянын тышкы чалгындоо кызматы менен байланышта болгон.
Дипломатынын чыгарылышына жооп катары Индия бийлиги беш күндүн ичинде өлкөдөн дипломаттарды чакыртып алуусун талап кылган. Ал эми Индиянын Тышкы иштер министрлиги Канададагы өз жарандарына "анти-индиялык активдүүлүккө жана коопсуздук кырдаалынын начарлашына байланыштуу" максималдуу этият болууга кеңеш берди.
Булак: NazarNews.kg