www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Баткен шаарында тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.
Анын айтымында, Тажикстандын делегациясын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов, Кыргызстандын делегациясын КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жетектеди.
Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелердеги өтүүсүн мындан ары сыпаттоо иштерин активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрдү билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти.
“Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топтору калган тилкелерде тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын сыпаттоо боюнча ишти улантат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушууда ошондой эле чек арага жакын аймактардын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек ара аймактары менен облустарынын ортосундагы кызматташтык боюнча жигердүү иштерди улантуу зарылчылыгы да өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.
Белгилей кетсек, буга чейин бир нече блоггер делгендер социалдык тармактарда “чек ара маселеси боюнча тарыхый чечим кабыл алынганы” тууралуу маалымат тараткан.
Булак: NazarNews.kg