www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Беш лаваш" жана "Мидос" фастфуд түйүндөрүндөгү массалык уулануудан жабыркагандардын саны 71ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпысынан 71 адам кайрылса, анын ичинен 36 бейтап жаткырылган, анын ичинен бешөөсү жаш балдар.

"Жабырлануучулардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Абалы жакшыргандар, айрымдары бүгүн, амбулатордук дарыланууга чыгарылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору фастфуд сатуучу жайларга аныкталган мыйзам бузуулар үчүн 72 миң сом айып салынганын билдирген. Объекттер мыйзам бузуулар жоюлмайынча жабылат. Алар Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости