www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү департаменти жана Мамлекеттик коопсуздук кызматы Гүлистан жана Ташкент шаарларында АКШга барууга жардам беребиз деген эки жаранды кармашты.

Кармалгандардын бири Гүлистан шаарында бир кишиге досторунун жардамы менен Польша аркылуу АКШга иштөөгө жөнөтүүнү убада кылган. Ал кызматы үчүн 2300 доллар талап кылып, визалык документтерди тариздөө үчүн 900 доллар жана 1 миллион 200 миң сум алып жаткан жеринен кармалган.

Экинчи шектүү Ташкентте кардарына тааныштары аркылуу АКШга жөнөтүүгө убада берип, 2000 доллар алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Бул фактылардын негизинде “Алдамчылык”, “Пара берүүгө шериктеш болуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости