www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигерде жихадчылар деп шектелгендердин чабуулунан жыйырма тогуз аскер каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирет.

Белгиленгендей, 26-сентябрдан 2-октябрга чейин коргоо жана коопсуздук күчтөрү Мали менен чек арада операция жүргүзүштү. Артка чегинүү учурунда бөлүктөрдүн бири Табатол кыштагынын түндүк-чыгыш тарабында комплекстүү чабуулга дуушар болгон, анын жүрүшүндө “жүздөн ашык террорист” колго жасалган жардыргыч заттарды жана бомба коюлган автоунааларды колдонушкан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, биз тараптан 29 аскер кызматкери баатырларча курман болуп, экөө оор жарадар болгон. Душман тараптан бир нече ондогон террористтер зыянсыздандырылып, 15 мотоцикл жок кылынган, көп сандаган курал-жарак жана ок-дарылар колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Нигерде 26-июлда президенттик гвардиянын бир тобу козголоң чыгарып, президент Мохамед Базумду кызматтан алганын жарыялашкан. Өлкөнү башкаруу үчүн гвардиянын командири Абдурахман Тчиани башында турган Ата-Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. 10-августта өткөөл өкмөттү түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости