www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-октябрда кыргызстандык боксчу Нуржигит Дүйшөбаев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалында беттешке чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Нуржигит Дүйшөбаев 51 кг салмакта күч сынашууда. Жарым финалга чыгуу үчүн ал япониялык Томоя Цубои менен кез келет. Япониялык балбан 2021-жылы дүйнө чемпиону болуп, 2022-жылы Азия биринчилигинде коло байгеге тагынган.

Эскерте кетсек, буга чейин мелдештин чейрек финалына чейин жеткен Аскат Култаев (63 кг) менен Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) атаандаштарына жеңилип, жарым финалга чыга албай калган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости