www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында №45 каттамдагы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык болгон.

Жибек Жолу көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жол кырсыгы Ички иштер органдарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгында каттоого алынган.

Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.

Последние новости