www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-июнунан тарта Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учурда жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында киргизилүүдө.
Убактылуу өзгөртүү төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү:
№7(Т);
№8(Т);
№18;
№23;
№62.
Реконструкция иштери аяктаганга чейин аталган автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт.
Шаар бийлиги белгилегендей, убактылуу жүрүү схемалары жүргүнчүлөр үчүн жаралышы мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарды азайтуу жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору коомдук транспорттун ишиндеги өзгөрүүлөрдү алдын ала эске алып, жол жүрүү багытын ошого жараша пландап алуусу сунушталат.

Последние новости