www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер чучук кошулган бешбармакка ууланышты. Маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, жабыркагандар үйдөн алып келинген, ысытылган этти жешкен. Жалпысынан 6 адам жабыркап, алардын экөө ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат.
Эпидемиологдор аптаптуу ысык мезгилдин башталышы менен тамак-аштан уулануу коркунучу өсөрүн билдиришти. Алар жарандарды азык-түлүктөрдү сактоо шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө кунт коюп мамиле кылууга, ошондой эле шек жараткан тамактарды, анын ичинде үйдөн же той-мааракелерден алып келинген тамак-аштарды жегенден алыс болууга чакырышат.
Адистер азык-түлүктөрдү жана даяр тамактардыкоомдук тамактануу жайларынан гана сатып алууну жана коопсуз тамактануунун негизги эрежелерин сактоону сунушташат: тазалыкты сактоо, чийки жана даяр азыктарды өз-өзүнчө бөлүү, тамакты кылдат бышыруу, азыктарды коопсуз температурада сактоо жана таза сууну колдонуу.