www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 81 жаштагы Тамара Баранова изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тамара Баранова 10-сентябрдан бери дайынсыз болууда. Ошол күнү ал 11-кичирайондогу үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Ага байланыштуу кызы 11-сентябрда милицияга арыз жазып, апасын издөөгө жардам сураган.

Белгилери: бою 155-160 см, коңур чач, көзү күрөң

Кийген кийими: жашыл түстөгү костюм-шым, кара түстөгү туфли

Милиция Тамара Баранованы көргөндөр болсо, 0(312) 54-41-16, 0(500) 43-43-10, 0(550) 11-11-95, 0(701) 00-27-35 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Последние новости