www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер уланууда.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы 35/110/220 кВ көмөк чордондорунда 215 даана электр жабдуусун капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 3219 даана жабдууга техникалык тейлөө жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күнгө чейин 581 даана жабдуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Ошондой эле борбор калаадагы 9дан ашык көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында «Берлик», «Батыш», «Тунгуч», «Кызыл-Аскер», «Мурас», «Ак-Кула», «Ынтымак», «Алтын-Казык» жана «Кыргызская» көмөк чордондоруна жаңы трансформаторлор орнотулуп же эскилери кубаттуулугу жогору жабдууларга алмаштырылууда.

Мындан тышкары, көмөк чордондорго заманбап күч трансформаторлору, вакуумдук өчүргүчтөр жана 10 кВ КРУН уячалары орнотулуп, эскирген жабдуулар жаңыларына алмаштырылууда.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жүргүзүлүп жаткан модернизациялоо жана техникалык тейлөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгү 85 пайыздан 95 пайызга чейин жогорулайт.

Бул авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартып, күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөмдөрдө электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздайт.

Учурда «КУЭТ» ААКнын Бишкек электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда. Жумуштар ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Последние новости