www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдары уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам уурдоо жана опузалап акча талап кылуу боюнча кылмыштын бетин ачты. Кылмышка шектүүлөр кармалды. 

9-октябрда Ички иштер министрлигине жарандардан эркине каршы тууганун уурдап, белгисиз жерде кармап жаткандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен билдирүү түшкөн. Маалым болгондой, эки адам уурдалганы белгилүү болгон. Адам уурдаган жарандар доллар менен ири суммадагы акча талап кылышкан. 

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан ашык адамга карата жасалган адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.  

Жабырлануучулардын жүргөн жерин аныктоо максатында кылмыштын бетин ачууга багытталган комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бул кылмыш ишине тиешеси барларды эртелеп коркутуп албаш үчүн милиция кызматкерлери өтө кылдаттык менен иш алып барышкан. 

Жогорудагылардын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын күчтөрүнүн жардамы менен ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын аймагынан оор кылмышка шектүү катары  3 адам кармалды. 

Алынган маалыматтар боюнча, уурдалган 23 жана 30 жаштагы жарандарды мейманканалардын биринин аймагында 6 күн мыйзамсыз кармап турушкан. Шектүүлөр алардан 160 миң доллардан ашык акчаны талап кылышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам уурдоонун уюштуруучусу жеке бизнеси бар адам болгон. Каржылык жактан талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер жана карыз маселеси боюнча жогорудагы мыйзамсыз аракеттер жасалган.

Кошумчалай кетсек, уурдалган жарандарды жеке күзөт агенттиктеринин биринин эки кызматкери кайтарып турганы белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар кошумча иштегени үчүн кошумча акы алышкан. Учурда үч шектүү тең кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уурдалган жарандар бошотулган. 

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил катары уюлдук телефондору жана башка буюмдар алынган. Мындан тышкары, баңгизаттар табылган. Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүү учурунда жеке күзөт агенттигинин кармалган кызматкерлеринен травматикалык тапанча жана бычак алынган. Күзөт агекттигинин кеңсесин тинтүү учурунда ок атуучу курал, 3 газ травматикалык тапанча жана октор табылган. 

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости