www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адам уурдоого тиешеси бар кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КИББдин үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралар алкагында адам уурдоого шектүү кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү.

Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече белгисиз адам 28 жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен “Тойота” үлгүсүндөгү унаага салып, ээн жерге алып кеткен. Алар күч менен аны коркутуп, ишкердин 50 миң сом акчасын тартып алган. Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну кое беришкен.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү тизмесине Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.

4-май күнү Бишкек шаарынын аймагында үчүнчү башкармалыктын кызматкерлери ИИМдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо жүргүзүлдү.

Атайын иш-чаранын жүрүшүндө адам уурдоого катышкан шектүүлөр кармалды, алар Ысык-Көл облусунда 1995-жылы туулган А.А., Чүй облусунун Жайыл районунда 1995-жылы туулган Б.М., Талас облусунда туулган 1995-жылы туулган О.М. жана Нарын облусунда 2003-жылы туулган Ш.Ж. болушкан.

КИББдин маалыматтына ылайык, кармалгандардын арасынан экөө ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

Шектүүлөргө таандык эки автоунааны тинтүү учурунда Макаров тапанчасынын базасында жазалган травматикалык тапанча, 3 даана бычак, ошондой эле, Toyota, Volkswagen Golf, Volkswagen Passat, BMW 525 унаа каражаттарынын техникалык паспорттору жана эки унаанын мамлекеттик номери табылган. Азыркы учурда мындан аркы ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө

Булак: NazarNews.kg

Последние новости