www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 17-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, ал интернетке тигүүчү машиналарды сатуу боюнча жарыя берген. 2025-жылдын 8-декабрында белгисиз эркек киши байланышып, тигүүчү машиналарды 130 миң сомго алып, акчасын кийинчерээк төлөп берерин айткан. Бирок кийин байланышпай, из жашырып кеткен.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1992-жылы туулган Д.у.А. аттуу шектүү кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүнүн ушул сыяктуу дагы 8 кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Буга байланыштуу милиция кармалган адамдын аракетинен жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0702 989 501, 0995 559336 же 102.

Последние новости