www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды, деп билдирди Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы. 5-декабрда милицияга аял киши арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 11- апрелде «Б» аттуу чала таанышы Москва көчөсүндөгү турак жай-курулуш кооперативдеринин биринен кезексиз квартира менен камсыз кылууну убада кылып, 528 миң сом алган. Бирок убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган О.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0553-08-75-57, 0500-99-66-15, 0701-00-61-06, 0312-43-28- 15 же 102 номурларына кайрылууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости