www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-февралда Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөгөнү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейдге Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы, Бишкек ШИИБдин кызматкерлери жана «Тулпар» картасы боюнча адистери катышты.
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгү менен 3 жүргүнчүгө 3 миң сом айып салынды. Мэриядан белгилешкендей, айып пул 1 айдан кечиктирилбестен төлөнүшү керек.
Коомдук транспорттордогу мындай текшерүүлөр күн сайын болот.