www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте аял таксиде көз жарды

Бишкекте аял №4 Шаардык перинаталдык борборго бара жаткан жолдо таксиде төрөгөн. Бул тууралуу маалыматты борбор калаадагы Тез жардам борборунан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, чакыруу бир күн мурун, 15-августта саат 10.16да болгон.

"22 жаштагы аялдын бул экинчи төрөтү. Кош бойлуулук кыйынчылыксыз өткөн. Аял каттоого алынып, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган. Жаңы төрөлгөн баланын жана энесинин абалы канааттандырарлык. Ал учурда бош бригадалар болбогондуктан, бул чакырууга реанимация бөлүмү жөнөтүлгөн", - деп белгиледи Тез жардам борбору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости