www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (Эктремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш козголгон.
Жүргүзүлгөн, ыкчам жана тергөө ишеринин жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Гатчин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 1995-жылы туулган жаран аныкталып, көрсөтүлгөн даректен аялдар тобуна жашыруун диний сабактар өткөрүлүп жаткандыгы тастыкталган.
Жогорудагылардын негизинде, 3-июнь күнү Ленин райондук сотунун токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн даректе тинтүү-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүп, экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган уюлдук байланыштар, СД-дисктер, көптөгөн китепчелер жана дептерлер табылган. Ошону менен бирге, диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү, жана экстремисттик материалдарды даярдап, таратып, жашыруун сабактарды өткөрүп үгүттөө иштерин жүргүзгөн 4 жаран тергөө кызматына жеткирилген. Алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.