www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аял кишини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды, деп билдирди 25-февралда Свердлов райондук милициясы.
21-февралда милицияга зомбулуктун белгилери бар аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу чакыруу келип түшкөн. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталган.
Тергөө иштеринин алкагында маркум 1995-жылы туулган К.А. экени аныкталды.
Свердлов РИИБ тарабынан 1996-жылы туулган К.Б., 2002-жылы туулган П.Б. жана 2002-жылы туулган К.А. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Айрым маалыматтарга караганда, маркум өлүм алдында зордукталган болушу мүмкүн. Буга байланыштуу бир катар экспертизалар дайындалды.