www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зордуктоого шектелген адам кармалды, деп билдирди 25-февралда Ленин райондук милициясы.
21-февраль күнү кечинде милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, Орок айылында саат 20:30дан 21:30га чейинки мезгилде анын 26 жаштагы сиңдиси зордукталган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган К.Э. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө учурунда ал Бишкек шаарында жашап, таксист болуп иштеп жүргөнү аныкталган. Шектүү кардарды жеткирип, андан соң аны зордуктаган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.