www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте үй-бүлөлүк чатактан улам эркек киши терезеден жардам сурап кыйкырды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-апрелде Тоголок Молдо көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Айтылган дарекке ыкчам топ барып, аялы менен күйөөсүнүн ортосунда үй-бүлөлүк чыр чыкканы маалым болгон.

А.Ш. аттуу аялдын айтымында, ал жолдошу Ш.А. менен 10 жылдан бери чогуу жашап келет, алардын ортосунда 2 жашар наристеси бар.

Ошол күнү келин кызы менен төркүнүнө барайын деп камданып жатканда, күйөөсү каршы болуп үйдө калуусун айтып, кызын көтөрүп алып чыр чыгарган.

Мындан улам аялы менен күйөөсүнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Күйөөсү терезени ачып, көчөдөн өткөндөрдөн жардам сурап кыйкырып, өзүнө көңүл бурдурган.

«Чатактан кийин келин жакындарына баруу оюнан кайткан. Күйөөсү жардам сурап кыйкырып жатканда күбөлөрдүн бири милицияга кабар берген. Бул факты каттоого алынып, алдын ала текшерүү иштери башталган», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости