www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте баңгизат даярдап, сатуу менен алектенген деп шектелип 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга Бишкектин Октябрь районунун аймагында белгисиз жаран баңгизат саткан жай уюштурган деген маалымат түшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүдөн (Ш.И.) баңгизат сатылып алынып, ал соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы сатылып алынган баңгизат Альфа PVP синтетикалык баңгизаты экенин көрсөткөн.

Андан соң шектүүнүн үйүндө тинтиүү иштери жүргүзүлүп, маңзат жасоочу үчүн шаймандар, 20-30 дозага жете турган Альфа PVP синтетикалык баңгизаты табылган. Ошондой эле шектүүнүн үйүндө баңгизат колдонгон жарандар жүргөн. Алардын айтымында, алар көп убактан бери үй ээсинен (шектүү Ш.И.) маңзат сатып алып, колдонуп келишет.

«Алынган заттар таңгакталып, мөөр басылып, соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү», — деп билдирет милиция.

Шектүү катары кармалган 44 жаштагы Ш.И. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция баңгизат саткан жарандар тууралуу «102» кызматына маалымат берүүсүн суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости