www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген 2005-жылы туулган жаранды кармашты.
Милициянын маалыматына ылайык, шектүү баңгизатты кийин жашыруун жайларга калтыруу максатында сактап жүргөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда ал жалпы салмагы 178 граммды түзгөн, баңгизат деп болжолдонгон зат салынган 87 таңгакты өз ыктыяры менен тапшырган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.