www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды кыстырма ыкмасы менен таратып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1993-жылы туулган Р.А.Э. аттуу жаран жана 2004-жылы туулган А.С.К. аттуу кыз кармалган. Алардын жанын тинтүү учурунда кара изолентага оролгон синтетикалык баңгизаттар табылып, далил зат катары алынган.
Мындан тышкары, шектүүлөр мурда кыстырма кылып жашырып кеткен 14 жерди көрсөтүшкөн. Аталган жайлардан да синтетикалык баңгизаттар алынган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен кылмыш иши козголду.
Учурда алынган заттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо багытында тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.