www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталып, күнөөлүү тарапка административдик айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Instagram социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде Ж. Пудовкин көчөсүндө текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого кайдыгер карабоого жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактылары тууралуу тиешелүү органдарга билдирүүгө чакырды.
Мындай мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.