www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек шаарында балдарды мектепке кабыл алууга дагы кошумча квоталар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардагы акимчиликтер, муниципалдык аймактык башкаруу уюмдарынын башчылары биргеликте 1-2-класска кире элек балдардын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

“Август айында кайсы убакытта, саат канчада кошумча квота ачыла тургандыгы тууралуу маалымат Агартуу министрлиги менен такташылгандан кийин берилет. Учурда кошумча квоталарды ачуунун үстүнөн иш алып барып, даярдыктарды көрүп жатабыз.

Андан тышкары, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Райондук билим берүү башкармалыктары, акимчиликтер, шаардык билим берүү департаменти, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссиялык топ түзүлүп, күнүгө текшерүү иштери жүрүүдө. Алар боюнча тиешелүү чечимдер да кабыл алынып, жеринде тапшырмалар, сунуштар берилип жатат. Ал эми мектептин же бала бакчанын санитардык абалын, көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөбөй, одоно тартип бузган жетекчилер үчүн тартиптик жазалар да колдонулуп жатат”,- деди Билим берүү департаментинин директору.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын аймагында мектеп жана бала бакчалардын саны көбөйгөн. Былтыркы жылы эле 10 жаңы бала бакча курулуп, борбордо билим берүү уюмдарынын саны өсүп жаткандыгын Мусаева кошумчалады.

Эскерте кетсек, расмий маалымат боюнча Бишкекте 120 мектеп жана 118 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Учурда мектепке 1-2-класска балдарды кабыл алуу иштери уланууда. Бүгүнкү күндө шаардагы мектептерде 1 миң 840 орун бош, ал эми жеңилдетилген тизмеге киргендердин балдары үчүн 1 миң 937 орун бар.

Последние новости