www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Алтай Республикасына үч ак илбирсти – эки эркек жана бир ургаачы жаныбарды берди. Бул тууралуу Алтайда өтүп жаткан эл аралык экологиялык конференцияда айтылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул кадам мурун ак илбирс байырлаган аймакка жаныбарларды кайтаруу жана алардын санын көбөйтүү максатын көздөгөн маанилүү экологиялык иш-чара экенин белгиледи.
“Бул жөн гана акция эмес, Алтай-Саян аймагынын экосистемасынын туруктуулугуна кошкон салым”, — деди Касымалиев.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Алтайга берилген илбирстердин ысымдары — Баатыр, Жаныш (эркек) жана Умай (ургаачы).