www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-ноябрда Бишкекте милиция кызматкерлери адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкектин Краснознаменный кууш жолунда  жашаган адамдар белгисиз адамды көчөдө тоңуп калбаш үчүн үйүнө алып келишкен, бирок бир нече убакыттан кийин ал өлүп калганын билишкен. 

“Милиция менен “Тез жардамды” саат 18:50 чамасында чакырышкан. “Тез жардам” келип, дарыгерлер ал адамдын өлүп калганын айтышкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кишинин денесинде зомбулук менен өлтүрүлүүнүн эч кандай белгилери жок. Милиция болгон жагдайды аныктап жатат”, -деп ведомстводон билдиришти.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости