www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте белгисиз вирус тарап жатабы?

Бишкек саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова Бишкекте белгисиз вирус тарап жатат деген маалымат боюнча жооп беришти.

Адистер Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан маалымат жыйынына катышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ордо калаада белгисиз вирус тарап жатканын айткан.

«Тааныштарымдын көбү ооруп, дене табы 39 градуска чейин жетип жатканын айтышууда. Ошондой эле тамактары ооруп, жөтөлүп, денеси оорлошуп жатканын кошумчалашты. Белгилери коронавирустукуна окшош, бирок алар жайында андан айыгышкан. ПЦР-тесттери да терс чыгууда. Бул коронавирустун жаңы штаммыбы же жыл сайын кайталанган курч респиратордук инфекциябы?» — деп жазган Исмаилов.

Рыскулбекованын айтымында, октябрдан мартка чейин Бишкекте курч респиратордук вирустук оору адаттан тыш көп катталган эмес.

«Мониторинг жүргүзүлүп, пробалар алынып, Санэпидемкөзөмөл борборуна жеткирилүүдө. Быйыл да былтыркыдай сасык тумоо аныкталган жок. Коронавирус жана башка аденовирус, риновирус жана респиратордук-синциталдык вирус деген респиратордук инфекциялар аныкталды», — деди адис.

Журналист сасык тумоолоп калгандардын айрымдары коронавирус деп ойлоп жатканын айтып, оору оор өтүп жатканын белгилеген. Ал адистерден бул сасык тумоонун мутацияланган түрү эмеспи деп сураган.

«Сасык тумоо учурлары катталган жок. Бул вирустук инфекция. Эгер адамдар бул коронавирус деп ойлосо же оору оор өтүп жатса, анда call борбордун 118 номерине чалса, атайын бригада келет», — деди Исмаилова.

Эске салсак, буга чейин конференцияда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары 15-марттан тарта Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал начарлап, оору аныкталгандардын саны өсө баштаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости