www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, “Чернобыль Союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары катышты.

“Бул күнү биз оор жана кооптуу шарттарда өз өмүрүн аябастан кырсыкты жоюу үчүн эр жүрөктүк менен күрөшкөндөрдүн алдында башыбызды ийебиз. Булардын каармандыгы жана баатырдыгы менен гана радиациянын андан ары таркап кетиши токтотулду. Кырсыктын кесепеттерин жоюнун катышуучуларына баатырдык иш-аракеттери үчүн чоң ыраазычылк билдирем”- деп баса белгиледи Коргоо министринин орун басары.

Митингдин катышуучулары курман болгондорду эскерип, Чернобыль апаатында курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости