www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки чет элдик жаран мушташып кетип, бири каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 29-июлда кечки маал болгон. «102» кызматына түшкөн маалыматка ылайык, Юнусалиев көчөсүндө эки чет элдик кайым айтышып, мушташа кеткен. Ошол учурда алардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылган. Бирок тез жардам келгенге чейин эле, биринчи жардам көрсөтүлгөнүнө карабай ал көз жумган.

Аталган факт боюнча «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эксперттердин катышуусу менен маркумдун денесине кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Соттук эксперттердин алдын ала жыйынтыгы боюнча, «ич тарабындагы жабык травма жана жүрөктүн токтошу» деген диагноз койгон.

Бул ишке шектүү катары 21 жаштагы А.Х. аттуу чет элдик жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Последние новости